Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткал районунда спартакиада өткөрүлдү

2021-жылдын май айында Чаткал райондук билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы А.Айтымбетов жана М.Исмаилов атындагы орто мектектердин базасында болуп өттү. Алар спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси боюнча ат салышышты.

Спартакиадада волейбол боюнча аялдардын 20, эркектердин 8 командасы жана стол тенниси, шахмат боюнча 17 команда, жалпысынан мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелердин 206 кызматкерлери катышышты.

Спорттук мелдештер кызуу жана атаандаштыкта өтүп, билим берүү кызматкерлерине майрамдык маанай тартуулады.

Жеңүүчүлөрдү районду билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Тынышов, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ы.Кудайбердиев куттукташып, дипломдор жана атайын сыйлыктарды тапшырышты.

Спартакиаданы өткөрүүгө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Чаткал райондук комитети 51 миң сом каржылык жардам көрсөтүү.

Спортсмендер спартакиаданын уюштуруучуларына жана кесиптик бирликтин райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Чаткал райондук КБКнын төрагасы Ы.Кудайбердиев