Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу жамааттык келишимдерди кабыл алуу иштери жүргүзүлүүдө

2022-жылдын 15-апрелинде Жети-Ѳгүз районунун С.Сыдыков атындагы орто мектебинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлик комитетинин кезектеги президиуму жана окутуу семинары болуп өттү. Президиумга жана семинарга 40 мектептин жана 16 бала бакчанын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты.

Биринчи кезекте президиумдун маселелери каралып, алар боюнча чечимдер кабыл алынды.

Экинчи кезекте семинар өтөрүлүп, анда билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмунун, аталган мекемелердин администрацияларынын жана айыл  өкмөтүнүн ортосундагы 2022-2024-жылдар үчүн түзүлгөн үч тараптуу келишимди түзүүдө талкуулар болду жана келишимдин түзүлүшү боюнча толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Ө.Молдокматов тарабынан усулдук жардам берилди.

Семинардын жыйынтыгында ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмунун жетекчилери тарабынан апрель айынын аягына чейин үч тараптуу келишимдерди кабыл алуу иштери жүргүзөөрү белгилүү болду.

Семинардын алкагында Жети-Өгүз райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жана райондук билим берүү бөлүмүнүн борбордоштурулган финансы бөлүмүнүн бухгалтерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн 2022-жылдын 30-мартындагы №181 «Билим берүү систкмасыны педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому менен тааныштырылды. Ошондой эле эмгек акылардын эсептөөнүн шарттары боюнча практикалык иштер жүргүзүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Жети-Өгүз райондук КБКнын төрагасы Ө.Молдокматов