Үч тараптуу макулдашуулардын негизинде бир топ маселелер чечилип жатат.
Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагында жайгашкан №30 Байзак Дамашев атындагы орто мектеби толук түрдө капиталдык ременттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мектепти капиталдык ремонттон өткөрүүгө райондук өнүктүрүү фондунан 2 622 116 сом каражат бөлүнгөн. Анын ичинен 168 269 сом Шайдан айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилген. Андан сырткары мектеп администрациясы демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, демөөрчүлөр тарабынан мектепке ысык жана муздак суу киргизилип, кудук курулду. Мектептин кире беришинин чатыры жабылып, жалпы суммасы 91 000 сомду түздү. Мектептеги эмеректер толук жаңыланды (200 000 сом). Спорттук залга керектүү шаймандар толугу менен камсыздалды (400 000 сом). Ошондой эле Эски-Масы, Молдо-Жалил, Дамаш айылынын активдүү жаштары тарабынан 12 даана компьютер, 1 даана ноутбук, 1 даана принтер жана 2 даана интерактивдүү доска жана класстарга 12 даана доскалар (250 000 сом) алынып берилди.
№30 Б.Дамашев атындагы орто
мектебинин профкому Б.Мисирова