Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашуу түзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Баткен шаарынын мэриясы мэр И.А.Бурканов шаардык билим берүү бөлүмү башчысы К.А.Турдубаев билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен шаардык комитетинин төраймы М.Калыкова ортосунда 2023-2026-жылдарга карата үч тараптуу макулдашуу түзүү боюнча декабрь айында жумушчу топ түзүлдү.

Баткен шаарындагы 790 профсоюз мүчөсүнүн  турмуш-тиричилик шарттарын  жакшыртуу, эмгек акыларынын мыйзамдуу  төлөнүүсүн  камсыз кылуу жана профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык  кызыкчылыктарын коргоо, эмгегин  коргоо  максатында макулдашуу түзүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Баткен шаардык Кенешинин төрагасы  А.Аширов жана Баткен шаарынын  каржы  бөлүмүнүн башчысы З.Камчиев  менен   билим берүү  кызматкерлеринин  ишине  стимул берүү максатында бир топ сыйлоолорду, дем берүүчү эстелик  белектерин  уюштуруу жактары макулдашылууда.

Маалыматты даярдаган: Баткен шаардык КБК нын төрайымы М.Калыкова