Үч тараптуу макулдашуу кабыл алынды
2021-жылдын 4-февралында Баткен районунун мамлекеттик администрациясы, Баткен райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосунда билим берүү кызматкерлеринин эмгек, турмуш-тирикчилик шарттарын жакшыртуу укуктарын коргоо максатында 2021-2023-жылдарга макулдашуу кабыл алынды. Макулдашууга Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.Маркаев, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов кол коюушту. Кол коюу аземинде массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Үч тараптуу макулдашууда райондун аймагында эмгектенишкен билим берүү кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү бөлүмү, айыл өкмөттөрү жана кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан ар тараптан колдоолор камтылды. Макулдашууда тараптардын аткара турган иштери так аныкталып, ар тараптан колдоого алынды.
Мындан мурда түзүлгөн үч тараптуу келишим жемиштүү жыйынтыкталып, билим берүү кызматкерлерине өтө жакшы кызмат кылды. Тактап айтканда тараптардын жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында кызматкерлердин эмгек жана турмуштук шарттарын түзүүдө жана жакшыртууда, мыйзамдуу укуктарын коргоодо, ден соолуктарын бекемдөөдө, маданий-массалык иш-чараларды уюштурууда, турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон кызматкерлерге моралдык-материалдык жардамдарды көрсөтүүдө бир катар алгылыктуу иштер аткарылды.
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети