Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Брейн-ринг" кароо-сынагы

Кызыл-Кыя шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан жарыяланган жобого ылайык  баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынан жана мектеп, бала бакча жетекчилери тарабынан түзүлгөн командалар арасында Кызыл-Кыя шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан "Брейн-ринг" интелектуалдык оюну "quiz" жана "word wall" программаларын пайдаланып санариптик жол менен  кароо-сынак өткөрүлдү.  

Иш-чарага Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри И. Бабаев, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөко катышышты. 

Сынактын жыйынтыгында I орунду №18 балдар бакчасынын тарбиячысы Шерали кызы Жазгүл, II орунду №6 балдар бакчасынын тарбиячысы Бакирова Галжан, III орунду №3 толук эмес орто мектебинин мугалими Алимбаева Тахиба камсыз кылышып, катышуучулар  Кызыл-Кыя шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Учурда  аталган кароо сынактын райондук жана шаардык турлары  да өткөрүлүүдө. Ал эми областтык туру  2025-жылдын январь айында өткөрүлөт.

 

 Маалыматты даярдаган: кесиптик  бирликтин Баткен областтык комитети