"Брейн-ринг" интеллектуалдык оюну өткөрүлдү
Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети мектеп жетекчилеринин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын арасында "брейн-ринг" интеллектуалдык оюнун өткөрдү.
2024-жылдын 13-декабрь күнү райондук балдар чыгармачылык үйүндө Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин иш планынын негизинде мектеп директорлорунун жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын арасында "Брейн-ринг" интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Интеллектуалдык оюндун негизги максаты- билим берүү мекемелердин жетекчилеринин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын укуктук билимдерин, компоненттүүлүктөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук-ченемдик актылары боюнча билимдерин өнүктүрүү жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүү.
Иш чарагага Баткен областык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Бөтөков, уюштуруу жана укук иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур, Баткен райондук комитетинин төрагасы А.А.Зайитов жана башка кызматкерлер катышышты.
Баткен районунун 7 айыл аймагынан келген жетекчилер жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын турган 7 команданын таймашы 2 тур менен санариптик технологоияларды колдону аркылуу өткөрүлүп, калыстар тарабынан бааланды.
Жыйынтыгында. Ак-Сай айыл аймагынын командасы 1-орун, Төрт-Гүл айыл аймагы 2-орун, Суу-Башы айыл аймагы 3-орунду ээлешти.
Байгелүү орундарды ээлеген командалар Баткен райондук кесиптик бирлик комитетинин дипломдору жана баалуу белектери менен, калган командалар кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланышты.
Оюндун катышуучулары уюштуруучуларга, райондук комитетке терең ыраазычылык билдиришти.