"Брейн-ринг" интеллектуалдык оюну бала бакча жетекчилери арасында өткөрүлдү
2024-жылдын 12-декабрь күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен иш планынын негизинде "Брейн-ринг" интеллектуалдык оюну мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңыдан дайындалган жетекчилеринин арасында өткөрүлдү.
Билим берүү кызматкерлеринин укуктук билимдерин, компоненттүүлүктөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук-ченемдик актылары боюнча билимдерин өнүктүрүү максатында уюштуруп, жетекчилердин лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, билим берүү тармагындагы укуктук ченемдик актылар менен иш алып баруусун активдештирүү, жетекчилердин билимин КРнын Мыйзамдары боюнча жогорулатуу милдеттерин өзүнө камтыган бул саамалыкка Баткен областык кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу жана укук иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур, Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Т. Бердиев жана башка кызматкерлери, ЛРБББнүн адистери, усулчуларынын катышуусунда өткөрүлдү.
Тайшмаш 3 этап менен өткөрүлүп, бардык этаптын тапшырмалары Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областык комитети тарабынан түзүлүп, калыстар тобу тарабынан бааланды.
Жыйынтыгында Ч. Айтматов тобу 3-орун, Аруузат" тобу 2-орун, жаш жетекчилеринен түзүлгөн" Жаңы муун" тобу 1-орунду ээлешти.
Жыйынтыгында жеңишке жеткен командаларга кесиптик бирликтин 1-2-3-даражадагы дипломдору жана баалуу белектери ыйгарылды.