Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Брейн-ринг - 2022" интеллектуалдык оюну

“Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин жана Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун биргелешкен иш планын негизинде 2022-жылдын 12-май күнү Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары арасында өткөрүлдү. Бул иш-чарага Баткен областтык профсоюздар кенешинин төрагасы А.Казаков, Баткен областтык усулдук борборунун директору О.Эркебаев, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Акматбеков,Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагсы З.Бөтөков жана район, шаарлардын төрагалары катышышты.

Иш-чаранын максаты билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын укуктук билимдерин, компетенттүүлүктөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук-ченемдик актылары боюнча билимдерин өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

«Брейн-ринг» интеллектуалдык  оюну  райондук, шаардык турларында командалар ортосунда мелдеш катары өткөрүлүп, андан кийин райондо, шаарда женүүчү болгон командалар областтык турга катышышты.

Интеллектуалдык оюнга ар бир район,шаардан 6 катышуучудан турган билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынан (директорлор - 3, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары - 3) турган командалар катышышты.

Оюн үч этап менен өткөрүлдү:

1-этап – командалар экрандан чыккан 25 суроолорго жазуу түрүндө жооп беришти.

2-этап – командалар экрандан чыккан 30 суроонун ичинен тандоо жолу менен бештен суроого оозеки  жооп беришти.

3-этап ар бир команданын капитан командалары чыгып компьютер тандаган үчтөн суроолорго жооп беришти.

Тапшырмалар онлайн форматта түзүлүп катышуучулардын  көз алдында экрандан ачылып турду.

Жеңген командаларды аныктоо үч этаптын упайларын кошуп чыгарылды.

Интеллектуалдык оюндун жыйынтыгы боюнча орунга ээ болгон командаларга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык  комитетинин I даражадагы диплому жана акчалай сыйлык менен Сүлүктү шаарынын командасы, II даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен Лейлек районунун командасы, III даражадагы диплом жана  сом акчалай сыйлык менен Баткен районунун жана Баткен шаарынын командалары, Ыраазычылык каттар жана 3 акчалай сыйлыктар менен Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун командалары cыйланышты.

Баардык командаларга Баткен областтык профсоюздар кенеши тарабынан жайкы эс алуу мезгилинде Ысык-Көл пансионатына 6 жолдомо берилери айтылды.

 

Маалыматты даярдаган: Областтык КБКнын уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали у.Мансур