Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комитеттин Президиумунун токтомдору ишке ашырылууда

2022-жылдын 26-январында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Д.Жунусуов атындагы орто мектебинде баштапкы кесиптик бирлик  уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.

Семинарда КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин Президиумунун 2021-жылдын 23-декабрындагы №14/6 токтому менен бекитилген “Коомдук башталыштагы инспекторлордун ишмердүүлүгүн уюштуруу” жана “Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын иш кагаздары” темаларында усулдук материалдарды Сузак райондук КБКнын инспектору М.Примкулов тарабынан катушуучуларга кеңири маалымат берилди жана анын жоболору түшүндүрүлдү.

Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров тарабынан “Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердүүлугүн уюштуруудагы мыйзамдык документтер” темасында баяндама жасады, суроолорго кең-кесири түшүндүрмө берди.

Семинардын катышуучуларынын суроолоруна ишенимдүү жооптор берилди. Катышуучулар семинардын уюштуруучуларына ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров