Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин жооптуу кызматкерлери Жалал-Абад областында болушту

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жооптуу кызматкерлери Б.М.Кадыркулов жана Э.Э.Мамбетакунов 2021-жылдын 27-28-декабрь күндөрү Жалал-Абад областында иш сапары менен болушту.

Иш сапардын алкагында Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы орто мектебинде “Профсоюздук уюмдарда укук жана эмгекти коргоо иштерин уюштуруу”, “Профсоюз уюмдарында маалымат каражаттары менен иштөөнү жаңы технологиялардын жардамында жолго коюу” темаларында пайдалуу семинар өткөрүштү. Анда обкомдун жооптуу кызматкерлери, райшаарком төрагалары, укук жана эмгекти коргоо боюнча инспекторлору,  баштапкы профсоюздук уюмдун төрагалары катышышты.

Семинарды обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, Боробордук Комитеттетин жооптуу кызматкерлерине, катышуучуларга жаңы жылдын алдында  жакшы тилектерин билдирди. Республикалык кароо-сынакта 3-орунду ээлеген Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыковго республикалык сыйлыкты Б.М.Кадыркулов салтанаттуу түрдө тапшырды.

Семинарда Б.М.Кадыркулов, Э.Э.Мамбетакунов материалдарды слайддар жардамында кызыктуу жана мазмундуу баяндап беришти. Катышуучулар  тарабынан берилген суроолорго ишенимдүү жоопторун алышты.

Семинардын катышуучулары Борбордук Комитеттин жооптуу кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришип, жаңы 2022-жылы менен куттукташып, иштеринде ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад оласттык КБКнын инспектору А.Айдаров