БОРБОРДУК КОМИТЕТТИН ТӨРАГАСЫ РУСТАМ НУРМАТОВ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫНДА ИШ САПАРДА
2025-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, билим берүү тармагындагы бир катар маанилүү маселелерге токтолду.
Ал мугалимдердин жайкы эс алуусун уюштуруу, жаңы кабыл алынган Эмгек кодекси боюнча маалымат берүү, ошондой эле мугалимдердин социалдык-укуктук коргоосу жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири токтолду.
Иш сапардын алкагында Жалал-Абад облустук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети кыскартылып, райондук жана шаардык комитеттерди Борбордук комитеттин түз башкаруусуна өткөрүү тууралуу чечими кабыл алынды.
Бул өзгөрүү райондук жана шаардык комитеттердин ишмердүүлүгүн күчөтүүгө жана кесиптик бирликтин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Кесиптик бирликтин райондук жана шаардык комитеттери мындан ары Борбордук комитеттин түз көзөмөлүндө иш алып барышат.