Борбордук Комитеттин төрагасы Ноокенде өнөктөштөр менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогулович Токтогулов 2020-жылдын 21-декабрында иш сапары менен Ноокен районунда болду. Төрага райондо билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечилиши менен жакындан таанышуу максатында Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Абдрахман Куватович менен жолугушуп пикир болушту. А.Т.Токтогулов акимди кайрадан кызматына дайындалгандыгы менен куттуктап, социалдык өнөктөш катарында билим берүү кызматкерлеринин кадыр-баркын ашырүү үчүн биргеликтеги иш аракетерге ийгиликтер каалады. Аким райондо билим берүү тармагындагы ийгиликтерге токтолуп, тармактын окуу-материалдык базасын чыңдоо, билим берүү кызматкерлерин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүнү 3 тараптуу макулдашуулар менен ишке ашыруу чаралары тууралуу айтып берди. Жолугушуга Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, райкомдун төрагасы К.Нышановтор катышты.
Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору-А.Айдаров.