Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комитеттин төрагасы М. М. Примкулов ОшМУда

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин  төрагасы М.М. Примкулов иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинде болду.

Иш сапардын алкагында Борбордук комитетинин  төрагасы М.М. Примкулов ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров менен билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык- экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо көрүлүп жаткан иш-аракеттерди талкуулашты. Андан соң ОшМУнун  кесиптик бирлик комитетинин кызматкерлери менен жолугушуп, ОшМУнун борбордук китепканасы, «ДАТА» борбору, медициналык  клиникасы жана “Ак Буура” эс алуу борбору менен таанышып чыкты.

Төрага ОшМУ билим берүүнүн бүгүңкү замандын флагманы,  келечекте дүйнөдөгү мыкты окуу жайларлардын катарында болоорун, сапаттуу билим, таалим-тарбия   берип келээрин белгилеп, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо  билим берүү кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди каалады жана  кесиптик бирлик комитети тарабынан аларга болгон колдоо, эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын татыктуу коргоо жаатындагы  иш аракеттер мындан ары да  улана берээрин  айтты.