Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комитеттин төрагасы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинде болду

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси М.Орозбеков иш сапары менен Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинде болушуп, мектептин жана айылдагы “Жакшылык”, “Эдельвейс” балдар бакчаларынын эмгек жамааттары менен жолугушту. Анда А.Токтогулов үсүбүздөгү жылдын апрель, май айларында Баткен районунун аймагында болуп өткөн кыргыз-тажик чек ара коогалаңына жана Борбордук комитет тарабынан аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолуп, кызыктуу маалыматтарды берди. Жолугушуунун соңунда Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин жана эки балдар бакчасынын эмгек жамааттарына акчалай жардамдарды тапшырды жана мындан ары бул чөлкөмдө улуттар аралык, чек ара жаңжалдарынын кайталанбасын тилеп, бардык кызматкерлерге иштерине ийгилик жана тынчтыкты каалады.

Жолугушууда мектептин жана балдар бакчаларынын жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары А.Токтогулов жетектеген Борбордук Комитетке, профсоюздун областтык, райондук комитеттерине көрүлүп жаткан камкордуктар үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин баштапкы КБКнын төрагасы Р.Умаров