Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов Жалал-Абад областында

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов иш сапары менен Жалал-Абад областында 2022-жылдын 12-15-декабрында болду.

Иш сапарында Жалал-Абад областынын райшааркомитеттеринин төрагалары, обкомдун жооптуу кызматкерлери менен жолугушуп, "Профсоюздун ишмердүүлүгүндөгү орчундүү маселелер" тууралуу сөз кылды. Жолугушууда А.Токтогулов баштапкы кесиптик бирлик уюмдардагы, райшаардык комитеттердеги азыркы күндөгү көйгөйлүү маселелерди угуп, 2023-жылга карата милдеттер тууралуу кеңири айтып берди. Жолугушууда төмөнкү сунуштар республикалык деңгээлде чечилип, турмушка ашырылса билим берүү кызматкерлеринин кадыр-баркы, коомдогу орду бийиктейт деп каалоолорун билдиришти.

  1. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык жаш адистерге берилүүчү 10 эсселенген жөлөк пул республикалык бюджеттке киргизилсе;
  2. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык билим берүү кызматкерлерин медициналык кароодон акысыз өткөрүү Билим берүү жана илим министрлиги менен түзүлгөн МАКУЛДАШУУ менен  чечилсе;
  3. Билим берүү кызматкерлерине “Мугалимдин статусу” мыйзамына ылайык коммуналдык чыгымдары төлөөнү жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджеттке өткөрүлсө;
  4. Кесиптик бирлик активисттеринин билимин өркүндөтүү жана окутуунун бирдиктүү системасын түзүп, каржылоо булактарынын нормативтик документтерин бекитүү.

2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бобордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов Ала-Бука районунунда билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлининин райондук конференциясына катышты.

Конференцияда Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Т.Дурусалиев “2017-2022-жылдыарда райком тарабынан аткарылган иштер жөнундө“ отчету угулду. Райондук текшерүү комиссиясынын маалыматы бекитилди. Конференция делегаттары тарабынан райкомдун ишине “канааттандырарлык” баасын беришти. Делегаттар жаңы чакырылышка райкомдун төрагалык кызматына Жакыпбай Тургуналиевич Дурусалиевтин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов кеңири сөз сүйлөп, жаңы шайланган төрага Ж.Дурусалиевди жана райкомдун мүчөлөрүн куттуктады.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров