Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкуловдун Баткен областындагы өнөктөштөр менен жолугушуусу

2024-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов Баткен областында иш сапарда болду.

Иш сапардын алкагында Борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Алимбаев жана анын орун басары Ж.М.Исаков  менен жолугушуп социалдык өнөктөштүктүн алкагында кызматташтыкты бекемдөө жаатындагы  маселерди талкуулашты.

Иш сапар менен катар, Борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору О.М.Эркебаев, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов жана Кыргызстан  кесиптик бирликтер федерациясынын Баткен облусундагы өкүлү Х.Айкынов менен  менен жолугушуп,  билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо, Билим берүү тармагындагы айрым көйгөйлөргө, өнөктөштүктүн алкагында үч тараптуу келишимдердин аткарылышы,  мугалимдердин социалдык-укуктук абалдарын жакшыртууда көрүүлүчү иш-аракеттер, ошону менен катар келечекте бирге иш алып баруу менен,  мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө жаатындагы маселерди талкуулашты.

Жолугушууга мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М.Исаков, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык  комитетинин төрагасы З.Бөтөков, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык  комитетинин төрагасы  Н.Урайимов катышышып, борбордук комитеттин төрагасы  билим жана илим кызматкерлеринин райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларына  кесиптик бирликтин алдындагы иштерди активдүү алып барууда негизги милдеттерди белгилеп, эффективдүү иш алып барууга чакырды.