Болочок дарыгерлердин мелдеши
ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата профсоюз комитети, медицина факультетинин клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасы менен биргеликте "Мыкты биохимик- II" КВН-олимпиадасын өткөрдү.
КВН-олимпиадага биохимия сабактары боюнча дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация багытында окуган 2-3-курстун студенттеринин арасынан 10дон катышуучу тандалып алынган. Студенттер саламдашуу, биохимиялык процесстер тууралуу сахналык көрүнүш, Kahoot программасынын жардамында суроолорго жооп берүү боюнча билимдерин сынашты.
Катышуучулардын аракеттери ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, доцент А.Э.Саттаров жанан КР УИА мүчө - корреспонденти, профессор, жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы Таасилкан Жумабаева баштаган калыстар тарабынан бааланды.
Жыйынтыгында "Аптечные пленники" командасы баш байгени жеңип алды. "ГармонX" дарылоо иши адистигинин студенттеринен турган команда 1-даражадагы диплом, "Биохимцы" командасы 2-даражадагы диплом, "Маги лечения" командасы 3-даражадагы диплом менен сыйланып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасына ОшМУнун кесиптик бирлигинин ыраазычылык каты тапшырылды.
Иш чара студенттердин билимдерин өркүндөтүү жана тереңдетүү, Медицина факультетиндеги дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация багыттарында билим алган студенттердин билимин баалоо, студенттер арасында достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду.
Маалыматты даярдаган: ОшМУ кесиптик бирлик комитети