Биздин максат -укук коргоо
К.Р.Президентинин 5.01.2017-жылдагы жардлыгы менен кабыл алынган " Ыйман,адеп,маданият "жылынын алкагында Билим илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин " 2017-жыл тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият" жылында Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин президиумунун мүчөлөрүнүн демилгеси менен "Биздин максат-укук коргоо" деген темада Кемин районунун билим берүү мекемелеринде семинар тренингдер өткөрүлдү.
Семинардын максаты: Ыйман , адептүүлүктун өзөгүн тузгөн билим берүү мекемелеринде грофсоюз лидерлеринин ишмердигин жогорулатуу жана билим берүү мекемелеринде иштеген профсоюз мүчөлөрүнүн укуктук билимдерин жогорулатуу семинарды ар бир регион боюнча бөлүп баардыгы Кичи Кемин,Шабдан, Кызыл-Суу, Кемин мектептеринде иштеген профсоюз уюмдарынын төрайымдары жана мектептерде иштеген профсоюз мүчөлөрү менен бирдикте 110 профсоюз мүчөсү тартылды. Семинарды өткөрүүгө Кемин райондук билим берүү бөлумүнүн адистери,эсепчилери катышты.
Семинарда КР.Конституциясы ,КР Эмгек кодекси,КР "Билим берүү", " Мугалимдин статусу" "КР эмгекти коргоо мыйзамы" эмгек китепчелеринин туура толтурулушу, жөнүндөгү нускамалар таратылып берилди. Семинардын катышуучулары өтеөрүлгөн семинарга жогорку баа беришип ыраазычылык билдиришти.