Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Биз зомбулукка каршыбыз!”

Ысык-Ата районунун Ч. Айтматов атындагы Ивановка № 1 мектеп- гимназиясында   “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте  “Биз зомбулукка каршыбыз!” аталышындагы иш чара өткөрүлдү.

Иш чарага аталган фондун “Татыктуу жашоо” долбоорунун кординатору Оторов Бектур, фондун өкүлдөрү залкар жазуучу Ч.Айтматовдун  уулу Эльдар Айтматов, ошондой эле жаш акын Бакирова Афина, Улукбек Омокеев жаш аткаруучу Тилекмат Касяров, Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы А.Балбакова, Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик битрлик комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова жана башка бир катар меймандар катышышты.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары өз өнөрлөрүн талкуулашып, меймандар  зордук-зомбулукка жол бербө үчүн биргелишип иш-аракет кылуу керектигин белгилешип, акындар-жазуучулар чыгармаларын окуп беришип, обонду ырлар аткарылды.

Иш чара башталганга чейин Эльдар Айтматов башталгыч класстардын окуучулары менен жолугушуп Ч.Айтматовтын чыгармалрынан окуп, талдашты,  андан соң мейманга кызыккан  суроолорун беришип, маек курушту.

Аталган иш чара көрөрмандарга терен таасир калтырып, зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган алгылыктуу иштердин бири болду.

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин  Ысык-ата райондук комитети