Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Биз зомбулукка каршыбыз!» акциясы уланууда

2024-жылдын 6- декабрында  Сокулук районунун Военно-Антоновка мектеп-гимназиясында  «Биз зомбулукка каршыбыз!» деген аталышында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Сокулук райондук билим берүү жана илим кызматкерлердин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы катышып, уюштуруучуларга билим жана илим кызматкерлердин кесиптик бирлик комитетинин Ардак Грамоталарын тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясы тарабынан демилгеленген акция 16 күнгө созулуп,  билим берүү уюмдарында,  мектептерде зордук-зомбулуктун алдын алуу жана гендердик теңчилик боюнча иш-чаралар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Сокулук райондук комитети