Биз баарыбыз биргебиз!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде Жалал-Абад шаарында ар жылы 15-ноябрдан 15-декабрга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгы өткөрүлүп келүүдө. Азыркы учурда бир айлык кызуу уланып, “Биз биргебиз” аттуу кайрымдуулук акциясы өткөрүлүүдө.
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы жамааты акциянын алкагында бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Университеттин бардык структуралык түзүмдөрү кесиптик бирлик бюролорунун жетекчилери менен биргеликте уюштуруу иштерин жүргүзүшүп, комитеттин жаштар кеңешинин төрагасы Адилет Усенов баш болгон жаштардан түзүлгөн топ Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган жарандарыбызга үйлөрүнө барып, жолугуп, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп келишти.
Ошондой эле Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому тарабынан Жалал-Абад шаарындагы “Ай-Тамга” ресторанында уюштурулган кайрымдуулук иш-чарага профессор Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин деканы Р.Шамшиев жана факультеттин кесиптик бирлик бюросунун жетекчиси Тынчтыкбек Ташмаматовдор жетектеген топ катышып, ЖАМУнун жалпы жамаатынын атынан 31560 сом каржылык колдоо тапшырылды.
Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети