Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз баарыбыз биргебиз!

Адал кол, жалын жүрөк, таза ниет,
Ар кимде боло бербейт бул касиет.
Атуулдук ак милдетин өтөй билген,
Билебиз сиздерде гана бул касиет!

Бүгүн Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата “Биз баарыбыз биргебиз!” аттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Т.Ишенбеков,  орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер, “Жаш канат”, “Бирге кадам”, “Future planners” тынчтык клубдары катышышып, өз салымдарын кошушту. 

Майрамдык иш-чаранын биринчи бөлүгүндө мектеп директору Э.Абдурахманов интернатта жүргүзүлгөн иштер б.а. жайкы беседка, балдардын эс алуусу үчүн уюштурулган сенсордук кабинет, күнөскана, көмөкчү чарбанын уюштурулушу тууралуу келген конокторго тааныштырып өттү. Экинчи бөлүгүндө көмөкчү жатак мектептин тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.

Андан сырткары райондогу мектептерде атайын марафон өткөрүлүп, анда чогулган каражаттар, кийим-кечелер мектеп жетекчилери тарабынан тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин профкому А.Аширова