Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитетинин Пленуму

2024-жылдын 29-октябрында  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик   бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин Пленуму болуп өттү.

Пленумга Бишкек шаардык Билим берүү Департаментинин башчысы Мусаева Рахат Ишенбековна, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Шербаева Самара Калмаматовна, Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Байгулов Нурлан Омурбекович, ошондой эле Пленумдун мүчөлөрү болгон Бишкек шаарынын Билим берүү тармагындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрага, төрайымдары жана  мугалимдер катышышты.

Күн тартибинде каралган  иш планга ылайык, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов Бишкек шаардык комитетинин  2024-жылга карата  аткарылган иштери боюнча жалпы отчетун берди.

Отчетто билим берүү уюмдарындагы  социалдык маселелер, эмгекти коргоо,  коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын бюджет каражаттарынын пайдалануусу, уюштуруу иштери, 2024-жылга карата билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн жайкы эс алууну уюштуруу жана алардын ден соолуктарын чыңдоо, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдык жардамдар тууралуу жалпы маалыматтар берилди.

Жыйындын журүшүндө Пленумдун катышуучуларын  кызыктырган социалдык жана укуктук,  эмгек акы, жайкы эс алуу, турак-жай, уюштуруу иштери жана башка бир катар маселелер боюнча суроо-жооптор берилди.

Пленумдун мүчөлөрү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин аткарган иштери боюнча отчетун бир добуштан канаттандыраарлык деп табышты.

Жыйындын алкагында Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин башчысы Мусаева Рахат Ишенбековна жана Пленумдун мүчөлөрү сөзгө чыгып, аткарылган иштерге  оң баа беришип, сунуштарын айтуу менен, Бишкек шаардык комитетинин ишине ийгиликтерди каалашты.

Пленумдун соңунда Бишкек шаарынын Билим берүү кызматкерлери Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин "Профсоюз кыймылынын мыктысы" төш белгиси, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамотасы, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.