Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитети Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын жамааты менен жолугушту
2024-жылдын 23-сентябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов жана Ленин райондук Билим берүү башкармалыгынын жамааты, ошондой эле жетекчиси Т.Э.Темирканованын катышуусунда жолугушуу өттү.
Жыйындын жүрүшүндө жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо иштерин уюштуруу, кесиптик бирлик мүчөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү, оорулуу өргүүдөгү көйгөйлөр жана башка бир катар маселелер каралды.
Жолугушуу менен катар Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери “КРнын Эгемендүүлүк күнүнө" карата жогорку кесипкөйлүгү, ак ниет эмгеги жана ишке жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин Ардак Грамотасы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук Билим берүү башкармалыгынын башчысы Т. Э.Темирканова, Ленин райондук Билим берүү башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ч. М. Даткабекова жана Ленин райондук Билим берүү башкармалыгынын эсеп бөлүмүнүн башчысы А. Ш. Кулмолдоева сыйланышты.
Жыйындын соңунда эки тарап келечектеги билим берүү тармагындагы өз ара кызматташууну жана өнөктөштүктү мындан ары да өркүндөтүүнү максат кылышты.
Маалыматтты даярдаган: Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитети