Бишкек мамлекеттик университетинин кызматкерлери “Жыргалаң” санаторийинде
Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен ден соолукту чыңдоо, күч-кубат жыйноо максатында университеттин он эки окутуучу-профессордук курамы жана кызматкерлери үчүн “Жыргалаң санаторийинде” 5-10 күндүк эс алуу уюштурулду
Иш-чара окутуучуларга ден-соолукту чыңдоо менен катар, аларды чыгармачылыкка шыктандырып, университеттеги иш-чараларга активдүү катышууга мотивация берди.
«Бул иш-чара ошондой эле жамааттык ынтымакты бекемдөөгө, кызматкерлер арасында достук мамилелерди чыңдоого жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. Санаторийде өткөрүлгөн убакытта окутуучулар жана кызматкерлер дене тарбиясы жана психологиялык жактан да дем алууга мүмкүнчүлүк болду”,-деп билдирет Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Айбек Кудайкулов.