Бириксек - күчтүүбүз!!!
2022-жылдын 22-апрелинде Бириксек - күчтүүбүз! Деген ураандын алдында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин чогулушу болду. Чогулушка ЖАМУнун бардык структуралык түзүмдөрүнүн профсоюздук уюштуруучулары (профоргдор) алдын ала эскертүү менен милдеттүү түрдө катышышты. Ал эми кесиптик бирликтин жалпы мүчөлөрү үчүн эч кандай чектөө коюлган жок. Чогулушта төрт маселе каралды.
Комитеттин төрайымы М.Маткаримова Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2021-жылдагы жылдык ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берди. “Отчет профсоюздун негизги милдеттеринин аткарылышынын багыттары маанилүү маалыматтар аркылуу, ачык айкын жеткиликтүү түшүндүрмөлөр менен коштолуп, катышуучуларга жеткиликтүү болду”- деп белгилейт Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профбюросунун мүчөсү, тарых илимдеринин кандидаты, доцент К.Айдаркулов. Ощондой эле маселени талкуулоодо катышуучулар профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо багыттындагы жүргүзүлүүчү иш аракеттерди күчөтүү жөнүндө сунуштарды айтышып, ден-соолугун чыңдоого жана кызматкерлердин эс алуусун уюштурууга багытталган иш- чараларды жогорку деңгээлге көтөрүү зарылчылыгын белгилөө менен материалдык жардамдын ченемин жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн табуу талабын коюшту.Натыйжада комитеттин ишмердүүлүгүндөгү милдеттер, багыттар белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатындагы иш берүүчүнүн жүргүзүп жаткан аракеттери жөнүндө маселе комитеттин төрайымы М.Маткаримованын сунушу менен күн тартибине киргизилип, ЖАМУнун пландоо-экономикалык бөлүмүнүн башчысы П.М.Абдыкадыров чогулуштун катышуучуларына кеңири маалымат берди. Профсоюз мүчөлөрү маалыматты кызуу талкуулоо менен эмгек маянасына байланышкан бардык суроолоруна жооп алышты.
Маалыматт даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова