Биргеликте зомбулуксуз коомду курууга чакырабыз!
2024-жылдын 3-декабрынан 6-декабрына чейин Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун жалпы билим берүү орто мектептеринде аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйү боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» глобалдык кампаниясынын алкагында, «Зомбулуксуз 16 күн» аталышындагы акциялар өткөрүлдү.
Иш-чара зомбулукту, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында уюштурулуп, ага райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук кесиптик бирлик комитетинин өкүлдөрү, мектеп жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары, райондун мекеме, уюм өкүлдөрү ошондой эле мектеп окуучулары активдүү катышышты.
Окуучулар тарабынан жөө жүрүштөр уюштурулуп, флешмобтор көрсөтүлдү.
Бул иш-чара зомбулукка каршы коомчулуктун биргелешкен күрөшүнөн кабар берип, бардык катышуучуларга жигердүү жарандык позициянын маанилүүлүгүн эске салды.
Биргеликте зомбулуксуз коомду курууга чакырабыз!
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ак-Суу райондук комитети