Бильярд боюнча мелдеш өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучулар жана кызматкерлер арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү.
Мелдеш 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети жана Дене-тарбия факультети тарабынан уюштурулду.
Иш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден-соолукту чыңдоо максатында ишке ашты.
Мелдешке жалпы отуздан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчү-кулак кармоо менен жобого ылайын 4 тайпага бөлүнүшүп, оюн курушту. Таймаш кызуу уланып, ар бир тайпада мыкты оюн көрсөткөн экиден оюнчу чейрек финалга жолдомо алышты. Жогорку чыңалуу менен коштолгон чейрек финалда 8 оюнчунун ичинен 4 оюнчу жарым финалга чыгышып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан мыкты чеберчиликтеги беттешүүнү тартуулашты.
Жыйынтыгында финалдык бөлүктө ат салышкан дене-тарбия кафедрасынын окутуучусу Данияр Осмоналиев жеңүүчү болуп, баш байгени, ал эми тарых кафедрасынын ага окутуучусу, Талант Кармышаков 1-орунду камсыздашты, 2-орунду дене-тарбия кафедрасынын окутуучусу Жолдошбек Кадымаев ээлесе, 3-орунду кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Сейит Исираев багындырды. Жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар жана ардагер оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана диплом, кубок менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: ОшМПУнун басма сөз кызматы