Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билимдүүгө дүйнө жарык

23-февраль - Мекенди коргоочулар күнүнө карата Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин биргелешкен иш планынын негизинде "Билимдүүгө дүйнө жарык" Брейн-ринг интелектуалдык оюну болуп өттү. Интеллектуалдык оюнга мектеп директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынан турган үч команда катышып, өз билимдерин сынап көрүштү.

Жыйынтыгында "Ынтымак" командасы жеңишке жетишип 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болушту. "Биримдик" жана " Кесипкөй" командасы кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды. Майрамыңыздар менен, мырзалар!

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райондук КБКнын төрагасы А.Бердиев