Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү уюмдарынын жетекчилерине - окуу семинар

      Ош  областтык  профсоюз  комитетинин  кызматкерлери,  Алай  райондук  билим  берүү  уюмдарынын   жетекчилерине   2016 – 2017 -  окуу  жылы  үчүн   тарификацияны    түзүү   жана  жалпы  билим  берүү   уюмдарынын   мугалимдерин   аттестациядан  өткөрүүнүн   тартиби    жөнүндөгү   жобо  туралуу    түшүнүктөрдү  берүү  боюнча    окуу -  семинар   өткөрүштү.

       Окуу  - семинарга   50 мектеп  директорлору  23 мектепке  чейинки   билим  берүү  уюмдарынын  директорлору,  мектептен  сырткаркы  билим  берүү уюмдарынын   жана   РайБББнын  жетекчилери  борбордоштурулган  эсепканасынын   башкы  эсепчилери  бош  болгон  кызматкерлери   катышышты.

        Окуу – семинар   суроо  жооп  аркылуу  талкуу  ирээтинде   шандуу  өткөрүлдү.       Иш – чааранын   аягында  мектеп  директорлору  семинардан  көп  пайдалуу  түшүндүрмөлөрдү  алгандыктарын  айтышып,  профсоюздун  жүргүзүп  жаткан  иштерине  ыраазычылыктарын   билдиришти.

 

                                       Ош  областтык  профсоюз  комитети