Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери кесиптик бирлигинен ыраазы

         Билим жана илим  кызматкереринин кесип бирлинин Ноокен  райондук  комитетинин кезектеги  президиуму кенешмеси 2016-жылдын 13-майында болуп өттү.Анда 8маселе  каралып тийиштүү  токтомдор кабыл алынды. Негизги  маселерден бири-Кочкор-Ата  санаториясында кесип бирлигинин  мүчөлөрүн ден-соолугун бекемдөөнү уюштуруу иш-чараларын бекитуу болду.

       Иш-чараларга негиз ар айда 4 билим берүү  кызматкерин ден-соолугун бекемдөө үчүн шарттар  түзүлдү. 12 күндүк дарылануунун  жолдонмосу райондук комитетин  бюджетинин  каржыланып 7736  сомду  түздү, кесип бирлигинин  мүчөлөрү анын  25%тин гана төлөшөт. Бүгүнкү  күнгө  чейин  12 билим  берүү кызматкерлери   ден-соолуктарын  бекемдешти. Билим  берүү  кызматкерлери кесип бирлигинин райондук комитетинен  ыраазы.

Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын укук  жанаэмгек боюнча тескоочусу-А.Айдаров.

Ноокен районунун №18 «Чабалакей» бакчасынын тарбиячысы-Ырысбү Мирзаева Кочкор-Ата санаториясынын дарыгерлери менен

«Кочкор-Ата» санаториясынын директору Дилбар Осорова райондук комитеттин төрагасы К.Нышанов менен келишим   түзүү  учуру