Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин кезектеги Президиуму болуп өттү

Кезектеги президиумдун ишине кесиптик бирликтин райондук, шаардык комитеттеринин, жогорку жана орто окуу жайларынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышышты. Президиумда 9 маселе каралды. Алгач уюштуруу маселеси каралып областтык кесиптик бирлик комитетинин президим мүчөлүгүнө ОшМУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Саттаров Абсамат Эрмаматович шайланды. Областтык кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу бөлүлмүнүн башчысы М.Аттокуров жааматтык келишимдердин аткарылышы, социалдык өнөктөштөр менен байланыштырды  чыңдоонун абалы жөнүндө жана тоолуу аймактардагы айкалыаштырып  иштегендерге кошумча төлөө жөнүндө  баяндама жасады. Областтык кесиптик бирлик комитетинин каржы маселеси боюнча Б.Абдыкалков билдирүү жасады. Областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  С.Тойгонбаев каралган маселелер боюнча сөз  сүйлөп, алдыдагы милдеттерге токтолду. Каралган маселелер боюнча тишелүү чечимдер кабыл алынды.

 

 Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети