Кара-Суу райондук комитетинин баштапкы уюмдардын жетекчилерине өтүлгөн август айындагы секциялык иши
2021-жылдын 21-август күнү Кара-Суу шаарындагы В.И.Ленин атындагы №66 орто мектебинде Кара-Суу райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы уюмдарынын жетекчилерине секциялык иш болуп өттү.
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара-Суу райондук комитетинин төрайымы Н.Исраилова секциялык ишти ачып, күн тартиби менен тааныштырды. Андан кийин билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитети тарабынан 2021-жылы аткарылган иштер жөнүндө кенири маалымат берди.
Анда аткарылган иштер менен катар орун алган көйгөйлөр жөнүндө да айтылды. Үч тараптуу келишимдердин толук аткарылбай, мектептин жана кесиптик бирликтин жетекчилери аталган маселе боюнча жакшы аракеттенбегендигин, өнөктөштүк келишим кагаз түрүндө болуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле санаторияларга, Ысык-Көлгө эс-алууну уюштуруу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардамдарды көрсөтүү боюнча баштапкы кесиптик уюмдардын төрага, төрайымдары кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө эс алуу үчүн жолдомо, материалдык жардам сураган иш-кагаздарын туура эмес жазып, мугалимдерди убара кылып жатышкандыктарына токтолду.
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара-Суу райондук комитетинин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча инспектору К.Айдаров өз сөзүндө жаңы жумушка орношкон кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда Эмгек келишиминде, же эки тараптуу макулдашууда кызматкерлердин шартын, мүмкүнчүлүгүн эске алуу керектигин баса белгиледи. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эржелерин сактоо боюнча киришүү жана жумуш ордунда инструкцияларын өтүү эскертилди.
Андан кийин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара-Суу райондук комитетинин төрайымы Н.Исраилова катышуучулардын ар кандай суроолоруна жооп берди жана ушуну менен секциялык иш жыйынтыкталды.
Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети