Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүүнүн 25 кызматерине акчалай колдоо көрсөтүлдү

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата  ОшМУнун кесиптик бирлик комитети тарабынан университетте эмгектенип жаткан 25 кызматкерге акчалай материалдык жардамдар бөлүнүп берилди.

ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров ОшМУда эмгектенген билим берүү кызматкерлерине акчалай колдоо көрсөтүү менен катар, алардын ишине ийгиликтерди каалап, жылуу мааанайда маек курду.

Кесиптик бирлик комитети тарабынан демилгеленген бул иш-чара  майыптыгы бар инсандардын аз да болсо көңүлүн көтөрүү жана стимул берүү максатында жыл сайын  уюштурулуп келет.

 

Маалыматтты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети