Билим берүүгө арналган өмүр
Жакшы адамды жар салуунун себеби,
жакшы адамдар – бул дүйнөнүн белеги” демекчи, жакшы инсан жөнүндө сөз баштаганда сөз берметтери шурудай тизмектелип келе берет.
Азыркы биз сөз кылчу инсан өзүнүн гана үй-бүлөсү үчүн мыкты тирек, берешен ата гана эмес, өз коомунун, өз районунун эң алдыңкы, эң сыймыктуу инсаны.
Усенов Зайирбек Камалович 1960-жылдын 1-январында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.
Сай-Маала айылындагы Апыртан башталгыч мектебинде 3-класска чейин окуп, 10-классты Кочкор-Ата шаарындагы Насирдин Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинен ийгиликтүү аяктаган.
1978-1980-жылдары аскердик кызматын өтөп, 1981-86-жылдары Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых-юридика факультетин аяктаган.
Агай эң алгачкы эмгек жолун 1981-жылы Ноокен районуна караштуу Достук айыл аймагындагы №25 “Шамалды-Сай” орто мектебинде география мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
1982-жылдан баштап Арал айыл аймагындагы “Арал” кесипчилик техникалык орто окуу жайында тарбиячы болуп эмгектенген. Аталган окуу жайда комсомол комитетинин катчысы, тарых жана коом таануу мугалими болуп үзүрлүү эмгектенген. 1992-жылы Арал айылындагы № 6 «Арал» орто мектебине тарых мугалими иштеп жатып, ошол эле жылы октябрь айында Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө адис болуп кабыл алынган.
Ал ортодо 1997-жылы Шайдан айыл аймагына караштуу Тоскоол-Ата айылындагы №5 Назир Токторбаев атындагы орто мектебин жетектеп, директорлук кызматты аркалаган.
2001-жылы кайрадан райондук билим берүү бөлүмүндө адис, 2005-жылдан бери башкы адис болуп иштеген.Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы катары да активдүү иштерди жүргүзүп келди.
Агай жалпы 44 жыл эмгектенүүсүнүн чыйыр жолунда жалпы район үчүн бир канча эбегейсиз, зор, алгылыктуу жумуштарды жасады. Атап айтсак, “Иш тажрыйбаны жайылтуунун жолдору”, “Окуу планын аткаруунун иштиктүүлүгүн камсыз кылуу усулдары”, “Окуу бөлүм башчыларынын ишин уюштуруунун жолдору”, “Мугалимдерге усулдук колдонмо”, “Мектеп директорлоруна усулдук колдонмо” сыяктуу автордук эмгектери районубуздагы ар бир мугалимден тартып, мектеп директорлоруна чейин колдонулуп, методикалык жардам катары пайдаланылып келүүдө.
Кызматкерлер арасында ынтымакты сактоо, аларды социалдык жана укуктук жактан коргоо, эмгек тартибин сактоо, алардын кызыкчылыктарын коргоо, ар кандай жардамдарды берүү, эс алуу шарттарына көңүл буруу, маданий-массалык иш-чараларды өз убагында так өткөрүп, уюштуруу жагы менен жалпы коллективдин алдында кадыр-баркка ээ.
Агай КРнын “Билим берүүнүн отличниги”, КРнын “Эл мурасы” коомдук фондунун “Эл сыймыгы” наамынын ээси, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин жана Жалал-Абад областтык комитетинин “Профсоюздун отличниги” төш белгисинин ээси, Ноокен районунун “Билим берүүнүн ардагери” наамынын ээси, Масы айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”, айтор, мындан башка бир канча наам, сыйлыктардын ээси. Андан сырткары бир нече жолу райондук, областтык, республикалык денгээлдеги Ардак грамоталар менен сыйланган.
Жубайы Майрамбекова Орунбү Мамашкуловна, Масы айылындагы Балдар билим борборунда тогуз коргоол жана шахмат ийримдеринин жетекчиси болуп иштейт.
Агай 2 уул, бир кыздын атасы жана учурда 7 неберенин бактылуу чон атасы.
Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги менен биргеликте Зайирбек Камаловичти ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек жамааты, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, ардагер мугалимдер, агайдын жакындары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө агай жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, жакшы каалоо-тилектер айтылды жана “Билим берүүгө арналган өмүр” аттуу концерттик программа менен коштолду.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров