Билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен семинар өткөрүлдү
2024-жылдын 28-ноябрында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан Бишкек шаардык комитети административдик аймактык реформанын негизинде Аламүдүн жана Сокулук районунан Бишкек шаарына өткөн мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине семинар өткөрүлдү.
Семинардын алкагында Бишкек шаардык комитети тарабынан семинардын катышуучулары укуктук маселелер, жамааттык келишим, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук, уюштуруу маселелери, ден-соолукту чыңдоо (жеңилдетилген онколог-мамолог, кардиологдун текшерүүсүнөн өтүү) жана жайкы эс алууну уюштуруу, ошондой эле материалдык жардам алуу жана башка маселелер боюнча кенен маалыматтарды алышты.
Соңунда семинарга катышкан жетекчилери тарабынан бир катар суроолор берилип, күндөлүк жумушта эң заарыл болгон укуктук, туура документ жүгүртүү, өрт коопсуздугу, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук, уюштуруу маселелери боюнча даярдалган эскертме, сунуштама, нускама жана китепчелер таркатылды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети