Билим берүү кызмткерлеринин эмгегин коргоо
Аламүдүн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан “Билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо боюнча уюштуруу иштерин көзөмөлдө” деген темада баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери үчүн 2022- жылдын 13-декабрында семинар - тренинг өткөрүлдү. Тренингде эмгекти коргоого тиешелүү укуктук-ченемдик актылар менен тааныштырылды жана коопсуз жана сергек эмгек шарттарын түзүү боюнча өнүгүү жолдору белгиленди. Ошондой эле өзүнүн жана башкалардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамилеге жетишүүгө чакырылды.
Тренингдин аягында профсоюз лидерлеринин суроолоруна канааттандыраарлык жооптор берилди.
Маалыматты даярдаган: Аламүдүн райондук КБКнын төрайымы Б.Намазбекова