Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы

Тоң районундагы билим берүү кызматкерлеринин 25-спарткиадасы болуп өттү.

Иш чаранын ачылыш аземи Бөкөнбаев айылындагы Токтобай уулу Шамей атындагы орто мектебинде болду. Оюндар райондун борборундагы 3 мектептин спорт зал жана спорт аянттарында улантылды. Мугалимдердин арасында жылыга өтүүчү бул спорттук иш чара билим берүү кызматкерлердин кесиптик бирлигинин Тоң райондук комитетинин, Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн каржылоосу менен өткөрүлдү. Спорттун 4 түрү боюнча болгон мелдешке райондогу бардык билим берүү уюмдары (мектептер жана бала бакчалар) катышты. Спорттук иш чаранын негизги максаты мугалимдерди жана билим берүү кызматкерлерин сергек жашоонун ыңгайына үндөө, спортту жайылтуу, иш менен эс алууну айкалыштыруу болуп саналат.

Эки күнгө созулган спорттук мелдеш жакшы маанайда өттү. Жыйынтыгында күчтүү делген командалар жеңишке жетишип, кызыктыруучу ар кандай сыйлыктардын ээлери болушту. Мугалимдерди жана тарбиячыларды, билим берүү уюмдарында эмгектенген башка бардык кызматкерлерди ар тараптан колдоо, алардын кызыкчылыктарын коргоо жана эс алууларын уюштуруу үчүн кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан мындан ары дагы ушундай иш аракеттер аткарыла бермекчи.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Тоң райондук комитети