Билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасы
2022-жылдын 25-26-март күндөрү Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында Нооруз майрамы жана ден соолук күнүнө арналган "Ден соолук -2022" аттуу спартакиада болуп өттү.
Спартакиада Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети тарабынан жыл сайын өткөрүлөт.
Бул спартакиадада спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси, тогуз коргоол жана спорт стекинг түрлөрү боюнча 11 команда ат салышты. Жыйынтыгында жеңишке жеткен командалар тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Жалпы командалык упай менен спартакиаданын өтмө кубогун шаардык билим берүү бөлүмүнүн командасы утуп алышты.
Ал эми 2-орунга М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин командасы жана 3-орунга Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинин командасы жетишти.
Ошондой эле спартакиадага ден соолукту бекемдөө максатында катышкан 8 ардагер мугалимге жана мыкты оюн көрсөткөн 10 мугалимге акчалай сыйлык берилди.
Бул иш-чараны уюштуруп, өткөрүүгө салымын кошкон Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапаровичтин эмгеги чоң, мугалимдерге көңүл бурулуп спорттук иш-чарага тартылуусуна көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирилди.
Маалыматты даярдаган: уюштуруу тобу