Билим берүү кызматкерлеринин күнү Талас шаарында
Талас шаарында Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү жана тармактык кесиптик бирлик уюму тарабынан билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул иш-чарага райондун жана шаардын жергиликтүү администрацияларынын жетекчилери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектептердин мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары катышты. Бул күнү ардактуу эс алуудагы мугалим эжелер жана агайлар, алдыңкы мектеп, бала бакчалар сыйланышты. Мугалимдер КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин төш белгиси, Ардак грамотасы жана областтык админстрациянын, Мэриянын, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүн Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле Талас райондук, шаардык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин сыйлыктары жана белектери берилди.
Маалыматты даярдаган: Талас райшаардык кесиптик бирлик комитети