Билим берүү кызматкерлерине арналган майрамдык иш-чара
Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети тарабынан Ноокат районундагы билим берүү кызматкерлери үчүн жаңы жылдык майрамдык кече уюштурулду.
Жыл жыйынтыктоочу жаңы жылдык иш-чарага мектеп жетекчилери, чыгармачыл мугалимдер, алдыңкы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен өкүлдөр чакырылып, майрамдык сый дасторкон жайылды.
Кеченин жүрүшүндө бир катар билим берүү кызматкерлерине КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Надира Нарматова , Бакыт Марипов жана Советбек Рустамбек Уулу тарабынан Ыраазычылык каттар тапшырылып, билим берүү кызматкерлеринин мындан аркы иштерине ийгиликтерди калашты.