Билим берүү кызматкерлери жана окуучулар үчүн машыгуу
Жаңы окуу жылынын башталышы менен билим берүү кызматкерлери менен окуучулардын жарандык коргонуу боюнча машыгуусу Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын базасында болуп өттү.
Машыгууга Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, Шааркомдун төрагасы К.Акунов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук жана шаардык башкармалыктары, саламаттыкты сактоонун тез жардам кызматы , шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү кызматкерлери жана окуучулар катышышты.
Маалыматты даярдаган: Максат Мамасыдыков