Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Базар-Коргондо август кеңешмеси өттү

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүүчү мекеме-уюмдарынын “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көнүмдөр” аталышындагы август кеңешмеси болуп өттү.

Мугалимдердин август кеңешмесине Базар-Коргон райондук администрациясынын башчысы-аким М.К.Карагулов, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондогу 69 мектеп, 49 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана чакырылган коноктор катышты. Жетекчилер педагогдорду жана билим берүү кызматкерлерин жаңы 2023-2024-окуу жылы менен куттукташып, окуу жылды ийгиликтер менен үзүрлүү алып кетүүнү каалашты.

Август кеңешмесинде 2022-2023-окуу жылында билим берүү тармагында болгон жетишкендиктер, алдыда боло турган иштер боюнча маалыматтар берилип, сунуштар  айтылды.

Кеңешменин жүрүшүндө мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине билим берүү тармагында үзүрлүү иштеп, билим жана тарбия берүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн “Ардак грамоталар” жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан “2023-жылдын мыкты мектеби”, “2023-жылдын мыкты бала бакчасы”, “2023-жылдын мыкты усулдук каанасы” боюнча райондук сынактарда 1-орундуу ээлеген билим берүү мекеме-уюмдарына баалуу белектер тапшырылды. 

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов