Баткендик кесиптештерге жардам
2021-жылдын 17-19-май күндөрү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов, Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, Базар-Коргон райкомунун төрагасы С.Жаркымбаевдер Баткен облусунда атайын иш сапары менен болушту. Анда Баткендеги чек ара чырынан жабыр тарткан билим берүү кызматкерлери менен жолугушуп, абалынан кабар алышты.
Бул иш-сапардын жүрүшүндө Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрүнүн атынан жабыр тарткан баткендик кесиптештерге колдоо көрсөтүшүп, материалдык жардам беришти.Кесиптик бирликтин Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов баткендик жабыр тарткан кесиптештерге да өз жардамын корсөтүштү. 30 000 сомду накталай тапшырып, 402 860 сом которуу жолу менен жөнөтүлгөнүн билдирди.
Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров