Баткенде жабыркаган билим берүү кызматкерлерине жардам көрсөтүү талкууланды
2022-жылдын 4-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин кезексиз президиуму болуп өттү. Президиумга Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков жана райшаардык профсоюз комитеттеринин жетекчилери катышышты. Алгач район,шаарларда жүрүп жаткан окуу процесси жана чек ара кагылышында жабыркаган билим берүү кызматкерлеринин абалы боюнча маалымат берилип андан соң 2022-жылдын 16-сентябрында орун алган кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан жабыр тарткан Баткен районунун, Лейлек районунун жана Баткен шаарындагы үйү күйгөн, мүлкүнөн ажыраган жана жакындарын жоготкон билим берүү кызматкерлерине материалдык жардам көрсөтүү маселеси талкууланып тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Маалыматты даярдаган: Областтык КБКнын уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур