Баткенде окуу-семинар өтүлдү
2023-жылдын 14-февралында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети мектептердин жана балдар- бакчаларынын жаңыдан дайындалган жетекчилери үчүн “Билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кызматкерлеринин ортосунда эмгек мамилелерин түзүүнүн жол-жоболору” деген темада окуу-семинарын уюштуруп өткөрдү.
Семинардын жүрүшүндө жаш жетекчилерге, эң алгач билим берүү мекемелеринде жетекчи менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелеринде жетекчиликке алынуучу ченемдик-укукдук актылар жөнүндө маалымат берилди.
Андан кийин райондук комитеттин эмгекти жана укукту коргоо боюнча адиси А.Масалиев семинардын катышуучуларына кызматкерди жумушка кабыл алууда жана бошотууда жазылуучу буйруктардын тууралыгы, эмгек китепчесине жазууларды түшүрүүнүн жолдору, кызматкер менен эмгек келишимин туура түзүүнүн жолдору, иш процессинде жумуш берүүчүнүн жана кызматкердин укуктары жана милдеттери, кызматкерге эмгек акы төлөөнүн шарттары, кызматкерге берилүүчү өргүүлөрдүн түрлөрү, эмгек өргүүсү үчүн акы төлөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө слайддын жардамы менен кеңири маалымат берди.
Семинардын соңунда жаш жетекчилерди кызыктырган бир топ суроолорго жооптор берилди.
Семинардын катышуучулары мындай пайдалуу окуу-семинар уюштургандыгы үчүн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетине терең ыраазычылыктарын жана мындан ары да профсоюздук комитет менен тыгыз өнөктөштүктө иш алып барууга ниеттенгендиктерин билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Баткен райондук кесиптик бирлик комитети