Баткенде кесиптик бирликтин жыл жыйынтыгын чыгарган президиуму өткөрүлдү
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети тарабынан 2022-жылда аткарылган иштери боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган президиуму 2023-жылдын 18-январында Баткен шаарында өткөрүлдү. Областтык комитеттин президиумуна Баткен областындагы райондук, шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары, адистери, Баткен областтык гимназия жатак мектебинин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы, “Мыкты баштапкы кесиптик бирлик уюму”областык кароо-сынагынын женүүчүлөрү катышышты.
Президиумдун жүрүшүндө Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин 2022-жылда аткарылган иштери жөнүндө областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков слайд түрүндө кеңири маалымат берди. Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин 2023-жыл үчүн иш планын бекитилип, 2022-жылда өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары жөнүндө маселелер каралып тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Президиумдун жыйынтыгында “Мыкты баштапкы кесиптик бирлик уюму” областык кароо-сынагынын женүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Өткөрүлгөн иш чарага Баткен областтык телевидениясынын жана Баткен таңы газетасынын кабарчылары катышышты.
Маалыматты даярдаган: Баткен областтык кесиптик бирлик комитети