Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткенчилер күнү белгиленди

26-октябрь күнү Ноокен районунда Баткен согушунун ардагерлеринин 21 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Ишенбеков, орун басары З.Юлдашева райондук аскер комиссариатынын жетекчиси С.Токушев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук маданият бөлүмү тарабынан концерттик программа тартууланып, курман болгондорго куран окулуп, эскерилди. Ошондой эле Баткен согушунун катышуучуларына райондун башчысы-аким жана райондук жетекчилер тарабынан Ардак грамота менен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитети тарабынан Баткен согушуна катышкан, азыркы учурда билим берүү тармагында эмгектенип жаткан Чолпонов Хайдаралы (№29 Мирзаходжаев а.о.м.), Осмонов Токтосун (№13 Рахманжан а.о.м.), Мамадалиев Медербек (№34 “Жазгак” о.м.) Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаганы: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров