Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде «Билерман мугалим» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

6-февраль күнү Мугалимдердин интеллектуалдык деңгээлин өркүндөтүү, ишке болгон шыктануусун ашыруу жана өз ара кызматташууну бекемдөө максатында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин «Мурас» ийрими тарабынан «Билерман мугалим» аттуу акыл таймашы уюштурулду.

Таймашка мектептеги ар бир метод бирикмеден 5тен мугалим бир команда түзүп, жалпы 7 команда күч сынашты.

Командалар Баткен, Спорт, Логика,Төрт сүрөттөн бир сөз категориясы боюнча түзүлгөн суроолорго жооп беришти.

Интеллектуалдык таймаштын жыйынтыгында "Квант" усулдук бирикмеси I орун камызсыз кылды.Жеңүүчү жана катышуучу жалпы командаларга уюштуруучулар тарабынан грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

 

 

 

 

 

Даярдаган Фуркат Авлиёев